Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты класс жетекчиси-2014» райондук кароосу

 

«2014-жыл  мамлекеттүүлүктү  бекемдөө»   жылына  карата  иш-чаралардын  алкагында  «Жылдын  мыкты  класс  жетекчиси-2014»  райондук  кароосу 3  тур  менен  өткөрүлүп,  6-май  күнү  №16  Турусбеков  атындагы  орто мектебинин  чогулуштар  залында  жыйынтыктоочу  3-туру  болуп  өттү.  Кароонун  1-туру  25-мартта  өткөрүлүп,  анда  55  класс  жетекчи  катышып,  тест  аркылуу  тандоо  өткөрүлдү.  Жогорку  балл  алган   8  класс   жетекчи   2-турга катышу  укугун  алышты. Кароонун  калыстары  тарабынан  30-апрелге  чейин   катышуучулардын  иш  кагаздары,  класс  менен  иштөө  абалы   жеринде  текширилип   бааланды.  3-турунда  класстары менен   «Мамлекеттүүлүктү   бекемдөө» жылына    карата  иш-чаралардан  фрагменттер  берилди.   Иш-чаралар  инновациялык  технологияларды  пайдалануу  менен,  слайддар менен  мазмундуу  өттү.

Жыйынтыгында,

1-орунду  Калбутаева  Бумайрам - Исанов  жатак  гимназия мектебинин   1-классынын                                     жетекчси ээлеп  Ыссык-Көлгө жолдомо менен
2-орунду  Расулова Наргиза-№29  Мирзаходжаев  атындагы  орто  мектебинин  9-клаассынын  жетекчиси,  Талас  облусунун  «Манас  ордо» комплексина  экскурсия  үчүн  жолдомо  менен,

3-орунду  Досуева  Букалича- №9  Паяз  атындагы орто  мектебинин  3-классынын  жетекчиси, Усманова  Гулнура-№20  Матмуса  атындагы  орто  мектебинин  7-классынын  жетекчиси   ээлеп Токтогул  районундагы  «Чычкан»  эс  алуу  жайына   жолдомо  менен  сыйланышты.  Кароого  негизинен  35-жакша  чейинки  жаштардын  катышкандыгын  өзгөчө  белгилөөгө  болот.

 

 

 

 Ноокен  райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  пресс катчысы:  Уметов  Улан