Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими - 2014» кароо сынагынын райондук туру Сузак районунда да салтанаттуу түрдө 25-26 апрель күндөрү болуп өттү

 

Кароо сынака район боюнча айыл округдардан жеӊип келген 20 мугалим катышышты. «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына арналып өткөрүлгөн бул сынакта З.Жамашев атындагы орто мектебинин мугалими Жумалиева Айниса жеӊип чыгып, областык турга катышууга жолдомо алды. Кароо сынактын катышуучуларына профсоюздун райкому тарабынан даярдалган Ардак грамоталар, баалуу белектер берилди. Профсоюздун областык комитетинин төрагасы К.Мырзакматов келип, Борбордук Комитет тарабынан 2014-жыл жаштарды колдоо жылы деп жарыялангандыгын айтын кароо сынактын эӊ жаш мугалими Сатиева Чынарага жана сынактын жеӊүүчүсү Жумалиева Айнисага обком тарабынан «Мамакеев» санаториясына жолдомо берди. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары А.Раманкулова катышып жеӊүүчүлөрдү куттуктап акимдин атынан Ардак грамоталарды тапшырды. Райкомдун төрагасы Исмаилов Абдукахар бардык катышуучуларды куттуктап каникул күндөрү аларга Көгүлтүр Ысык Көлгө жолдомо уюштуруп берүүнү убада кылды.