Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош ОПК пленуму: контракттын негизде окуп жаткан студент жаштарды мүчөлүккө кабыл алуу

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети 2014-жылдын 17.01.2014 өзүнүн кезектеги Пленуму "Билим,илим тармагындагы кызматкерлердин, студент жаштардын арасында социалдык -экономикалык, эмгектик укуктарын, кызыкчылыктарын жана эмгектик коргоодо жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө болуп өттү.                                                                                                                                                                                                Жогорудагы маселе боюнча областтык комитеттин төрагасы С.Тойгонбаев аткарылган жана аткарыла турган маселелерге токтолду. Негизинен контракттын негизде окуп жаткан студент жаштарды мүчөлүккө кабыл алууну ЖОЖдордун администрациялары менен макулдашууларды түзүп, 2014-жылда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен аяктоо.                                                                                                                                                              Кызматкерлердин ден-соолуктарын чыңдоо жана эс алууларын жылдагыдан да жогорку деңгээлде уюштуруу, ошондой эле баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарынын укуктук-ченемдик актылар боюнча билимин тереңдетүү жана тажрыйба алмашуу максатында семинар-кеңешмелерди өткөрүп туруу ар бир райшаар, окуу жайлардын профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарына милдеттендирилди.