Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Иш кагаздарын аткаруу тартиби боюнча райондук билим берүү мекемелеринин директорлорунун семинарлары болуп өттү

2014-жылдын 21- февраль күнү  Көк-Жар айыл аймагындагы М. Мамытов атындагы “Жийде” орто мектебинде, 22-февраль күнү Т. Зулпуев айыл аймагындагы Б. Атишев орто мектебинде, 25-февраль күнү Н. Исанов айыл аймагындагы Алтын-Казык орто мектептеринде мектеп директорлорунун “Иш кагаздарынын аткаруу тартиби ” деген аталышта практикалык окуу семинарлары болуп өттү.

Семинарларды Ноокат райондук профсоюз комитетинин төрайымы С.Шанабаева, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчу адиси М.Каратаевалар жетектеп, анда билим берүү мекемелеринде иш кагаздарынын аткаруу тартиби, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пулдарды төлөө тартиби, Сапар чыгымдарын төлөө нормалары, Кепилдиктер жана компенсацияларды төлөө нормалары боюнча атайын даярдалган слайддык материалдар менен окуулар өткөрүлдү.

Семинарда директорлордун көңүл борборунда учурда жүргузүлүп жаткан иш-кагаздардын нормалары жана алардын эрежелери айрыкча кызуу талкууну жаратуу менен көпчулүк директорлор үчун пайдалуу маалымат болгондугу семинардын катышуучулары тарабынан белгиленип жатты. Ошондой эле райондук профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева Сапар чыгымдарынын, кепилдиктер жана компенсациялардын, убактылуу жарамсыздык учурундагы жөлөк пулдардын төлөнүү нормаларына кеңири токтолуп, айрым бөлүктөрүн эмгек кодексинин беренелери менен далилдеп кетти.

Бүгүнкү күндө ар бир мугалим өз укугун, милдетин, окуучулардын укугун жана милдетин, ошол эле учурда ата-энелердин укугун жана милдетин так билүүгө тийиш. Ал үчүн биз жогоруда сиздерге көрсөткөн эмгек келишимдери дагы ушул КРнын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын беренелерине ылайык түзүлүүсү шарт. Бирок көпчүлүк мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар бул мыйзамдын беренелерин билмек турсун, маалыматы жок мугалимдер дагы кездешет. Андыктан ар бир жүргузүлүп жаткан иштер, иш кагаздары мыйзам чегшинде аткарылуусу зарыл- деп семинардын жыйынтыктоо бөлүмүндө С. Шанабаева баса белгилеп кетти. 

 

 

Ноокат райондук мамлекеттик

администрациясынын жана билим

берүү бөлүмүнүн басма-сөз катчысы:                                                                    Мамасадыков З. А