Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек маяналары толукталып, кайтарылып берилди

Ысык-Көл областы. Ак-Суу району. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январында кабыл алган №18 Токтомунун негизинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары киргизилген. Ага ылайык мектеп директоруна 6 саат жана орун басарларына 9 саат сабак берүүгө уруксаат берилген. Мындан тышкары ошол эле Токтомду ишке ашыруу боюнча Колдонмосунда эмгек маянасы төлөнүү менен кошумча 3 саат дептер текшерүүгө жана сабакка даярданууга берилээри мисалдар менен көрсөтүлүп, түшүндүрмөсү жарыяланган.

Ак-Суу районунун билим берүү кызматкерлерине, анын ичинде директорлорго жана орун басарларына жаңы шарттардын негизинде эмгек маяналары толугу менен төлөнүп келе жаткан. Бирок, 2013-жылдын январь айынан баштап райондук каржы башкармасы «мектеп администрациясына 3 саат ашык төлөнүп жатыптыр, дептер текшерүүгө жана сабакка даярданууга  акча төлөнбөйт деп Эсептөө палатасынын текшерүүчүлөрү айтты», деген шылтоо менен үч ай бою директорлордун, алардын орун басарларынын эмгек маянасын кыскартып салышкан.

Райондук профсоюз комитети райондук каржы башкармасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетинин эмгек акы маселелери боюнча бөлүм башчысы Л.П. Олимпиевага атайын кат менен кайрылды.

Борбордук Комитеттин, райондук профсоюз комитетинин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында райондук каржы башкармасы профсоюз тарабынан Мыйзам чегиндеги ынанымдуу түшүндүрмөлөргө макул болууга аргасыз болушту жана кетирилген кемчиликтерин моюндарына алышып 2013-жылдын май айында райондогу бардык 35 мектептин директорлорунун жана орун басарларынын үч айлык эмгек акыларынын кармалган бөлүгүн кайрадан төлөп беришти. Район боюнча бул сумма 60 миң сомдон ашыгыраак каражатты түздү.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги, мектеп администрациялары профсоюздун Борбордук Комитетине, райондук комитетке билим тармагынын кызматкерлеринин укугун коргоодогу мындай натыйжалуу аракеттерине терең ыраазычылыктарын билдиришүүдө.