Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Эл баатырын” эскерүү

Ноокен районунун борборундагы стадиондо көзү өтүп кеткен Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган эскерүү аземи болуп өттү.

Бул иш чарага КР Өкмөтүнүн 1-вице-премьер министри Т.Сарпашев, Жалал-Абад областы боюнча өкүлү Жусупжан Жээнбеков, “Ата мекен партиясынын” Жогорку кеңештеги депуттары Ө.Текебаев, А.Досалиев, Б.Калмаматов, Б.Шер, Г.Садырбаева жана “ШОРО” компаниясынын директору Т.Эгемберидев райондогу мекеменин жетекчилери, жакын санаалаштары жана коомчулук катышты. Райондун акими А.Осмонов Өкмөттун чечими менен өтүп жаткан мааракенин мааниси жогору экендигин белгиледи.

Д.Сарыбаевдин мааракеси театрылдаштырлган көрсөтүү менен коштолуп Д.Садырбаевди эскерүү, монолог, Д.Садырбаевге таандык ырлардан көркөм окуу жана төкмө акындардын эскерүүсү, 
акындардын айтышы болду.

 

Ноокен райБББнүн пресс-катчысы:           УЛАН Уметов