Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз бирдиктүү профсоюзбуз

 

2013-жылы 1-августтан баштап билим берүү мекемелерин каржылоо райондук билим беруү бөлүмүндөгү борборлоштурулган бухгалтерия аркылуу жүргүзүлө баштаган.

         Натыйжада мурда айыл округдары тарабынан каржыланган 12 балдар бакчасынын жана бардык 53 мектептеги техникалык кызматкерлер биздин профсоюз уюмдарына атайын токтом менен кайрылып, кошулушкан, профсоюз мүчөлөрүнүн саны 802 ге көбөйгөн.  Андан кийин бардык профсоюз мүчөлөрү коллективдүү арыз менен кайрылып, билим берүү кызматкерлер профсоюзунун катарында болууга макулдугун билдиришкен.  Учурда аларга кошумча 1200 профсоюздук билеттер алынып таркатылып бүттү

Мындан ары ар бир жаңыдан жумушка кирген кызматкер профсоюздук уставга ылайык өз арызын жазуу менен профсоюздук    мүчөлүккө кабыл алынып жатат.