Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алай райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетиндеги семинар жыйын

 

Ош областтык билим , илим  кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан “2014-жыл баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын укуктук- ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин  жогорулатуу жалына ”   карата  билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Алай райондук комитетинде 28-май күнү профсоюздук  окуу-семинары болуп өттү.  Семинар жыйынга район боюнча  жалпы  баштапкы профсоюз уюумунун төрагалары жана төрайымдары  келип катышты.  Семинар жыйында  иш берүүчүлөр менен кызматкелердин укуктары жана милдеттери, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча Э.Ажиматов,  социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 2-3- тараптуу  жамааттык келишимдер жөнүндө,  убактылуу ишке  жарамсыздык, кош  бойлуулук жана төрөт боюнча пособиянын төлөнүшү   боюнча  М. Аттокуров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31. 05. 2011-ж № 270  токтомунун аткарылышы боюнча  Б. Абдыкалыков,  баштапкы уюмдардын иш кагаздарын  жүргүзүү жөнүндө А. Каримовдор доклад   окуп, берилген  суроолорго жооп беришти.  Семинар – окууда баштапкы уюмдарга ар түрдүү материалдар таратылып берилди.

Семинардын катышуучулары  мындай семинар-окуулар көп болушун жана  жаш профкомдорго үйрөтүү зарыл экендигин белгилеп,  келген конокторго ыраазычылык билдиришти.  Катышуучулар жер-жерлерде  өткөрүлгөн семинар- окууну жайылтып, көп жетишкендиктерге жетишет деген үмүттөбүз.        

  Ош областтык билим, илим кызматкерлер профсоюз  комитетинин  Ардак грамотасы  менен  үч  профком,  ар бир катышуучуга 500 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар берилди.

Ошондой эле Алай райондук билим берүү кызматкерлер профсоюз  комитетинин Ардак грамотасы менен  10 активист  жана ар бир катышуучуга акчалай  сыйлыктар берилди.