Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Өзгөн районундагы билим берүү мекемелердин кызматкерлеринин Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун мүчөлөрүнө Кайрылуусу.

 

   Урматтуу  билим  берүү  мекемелеринин  кызматкерлери,  биз  мүчө болгон  Билим жана илим  кызматкерлеринин  профсоюз  уюму  Эгемендүүлүктүн  алгачкы  жылдарынан  бери өз ишмердүүлүгүн  Кыргыз  Республикасынын  «Кесиптик  бирликтер  жөнүндө» Мыйзамына жана  Кыргыз  Республикасынын Билим жана илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук  комитети коомдук бирикмесинин  Уставына  ылайык  жүргүзүп  келе жатат.

Билим  жана илим кызматкерлеринин  профсоюз  уюму билим берүү мекемелеринде  эмгектенген  кызматкерлердин  укуктарын, кызыкчылыктарын  мыйзам чегинде  коргоп келүүдө.  «Билим берүү жөнүндө»  жана  «Мугалимдин  статусу жөнүндө» мыйзамдарында мугалимдер  менен  тарбиячылар  үчүн  каралган  социалдык жеӊилдиктердин  төлөнүшүнө  чоӊ салым кошууда.  Ошондой  эле  түрдүү иш-чараларды,   кароо-сынактарды  жана  окуу-усулдук  семинарларды  уюштуруп өткөрүүдө.  Райондук  билим  берүү   бөлүмү  өлкөбүздүн келечеги  болгон жаш  муундарга сапаттуу  билим  берүүдө өнөктөш катары райондук  профсоюз  уюму менен биргеликте  тыгыз иш алып  барууда.

    Акыркы  айлардагы  телеберүүлөр  аркылуу  берилип жаткан Эркин  профсоюз конфедерациясын  түзүү  жөнүндө айрым  адамдардын ой-пикирин  угуп  жатабыз. Айрымдар  профсоюз  уюмун  бөлүп-жаруу  жөнүндөгү өздөрүнүн  ойлорун ишке  ашырууну  көздөөдө.  Биз Эркин профсоюз конфедерация   түзүүчүлөрдүн  идеяларына  кошулбайбыз.

     Бир  кылымдан  ашык тарыхы бар  Кыргызстандын  профсоюздар  Федерациясынын иштөө  ыргагы  калыптанып, түптөлүп, жолго  коюлуп  калган уюм  экендигин  жакшы  билебиз.  Учурдагы  иштеп  жаткан  профсоюз уюму  мугалимдердин  укуктарын  жана   кызыкчылыктарын  мамлекеттик  деӊгээлде  коргой  турган уюм  экендигине  ишенебиз.  Анткени  2011-жылдын май айынан баштап Борбордук профсоюз Комитети мугалимдердин  эмгек маяналарын КРнын Өкмөтү менен  өнөктөштүктө  аракеттенүү менен  жогорулата алды.

     Билим берүү  тармагынын  кызматкерлери Билим жана илим  кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетин бир топ жылдардан  бери жетектеп келе жаткан  Токтогулов Асылбек Токтогуловичти  чыныгы  профсоюз  лидери  экендигин  жана профсоюз уюму үчүн  жанын үрөп иштеп  жатканын  мугалимдер эӊ жакшы билебиз.

     Биз  Өзгөн районундагы билим берүү мекемелеринин  кызматкерлери  Билим жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  жалпы мүчөлөрүн  биримдикке  чакыруу менен  Эркин  профсоюз конфедерация  түзүүчөлөрдүн идеяларына  алдырбоого  чакырабыз.

 

 

                         Өзгөн  районундагы билим берүү

                         мекемелеринин  кызматкерлери

 

       (Кайрылуу  Өзгөн  райондук билим берүү бөлүмүнөн

                     коллегиясында кабыл   алынды)