Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жеңиш майрамы белгиленди

Б.Осмонов  атындагы  Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин медициналык   колледжинде   9-май  Улуу  Жеңиш күнүнө  карата  иш-чара уюштурулуп, ага «Фармация» адистигинин биринчи курсунун студенттери катышты. Анда 9-май Улуу Жеңиш майрамынын тарыхы тууралуу кыргыз, орус тилдеринде  студенттер тарабынан баяндамалар жасалып,  ырлар көркөм окулду. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдук согуш темасына жазылган чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөр аткарылды.

Ошондой эле патриоттук согуш темасындагы ырлар аткарылып, бийлер тартууланды. Активдүү катышуучулар атайын грамоталар менен сыйланышты.

Мындай иш-чаралар жаштарды патриоттук духта тарбиялоого таасирин тийгизмекчи.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин кызматкери Н.Баитова