Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жаштарды нарктуулукка тарбиялаган жандуу көргөзмө

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнө карата улуттук оюндардын жандуу көргөзмөсү болуп өттү.

Иш-чара университетте өтүп жаткан декаданын алкагында кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, факультеттин декандары, окутуучулар жана студенттер күбө болушту.

Мында алгач факультеттер тарабынан кыргыз элинин улуттук спорт оюндары кур күрөш, таяк тартыш, ордо, жоолук таштамай, тогуз коргоол, аркан тартыш, бука тартыш, ак терек-көк терек, топ таш, алты бакан жана башка унутта калып бара жаткан оюндардын жандуу көргөзмөсү конкурстук түрдө уюштурулуп, ар бир оюн боюнча студенттер маалыматтык баяндама жасашты. Ошондой эле саамалыкка конкурстан тышкары университеттин алдындагы "Жаратман" чыгармачылык борбору да өзгөчө Боз үй тигүү менен катышып, улутубуздун тарыхын, маданиятын, нарк наасилин чагылдырган көргөзмө тартуулашты.

Көргөзмөнүн соңунда ректор жалпы катышуучуларды Мамлекеттик тил күнү менен жетекчиликтин атынан кызуу куттуктап, улуттун тагдыры, жүзү эне тилибизде экенин белгилеп, ар бирибиз кандай чөйрөдө болбойлу тилибизге татыктуу мамиле жасоо менен аны өркүндөтүүгө салым кошушубузга токтолду. Ошондой эле ал иш-чарага катышкан студенттерге, факультеттерге жана уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек декадада бир нече иш пландар каралып, учурда кызуу жүрүп жатат. Уюштуруу тобу тарабынан ар бир саамалыктын жыйынтыгы чыгарылып 30-сентябрда жеңүүчүлөр аныкталат.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы