Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жаштар кеңеши аракетте

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлигинин Жаштар кеңеши студенттер арасында кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн талаптагыдай жүргүзүүгө аракеттерди көрүшүүдө. Азыркы учурда студенттер жайкы сессияларды аяктоонун, ал эми бүтүрүүчүлөр тандаган кесиптери боюнча мамлекеттик сынактарды тапшыруунун алдында турушат, ага карата даярдыктар кызуу  жүрүп жаткан кези. Айрыкча бүтүрүүчү студенттердин жумуш менен камсыз болушу кесиптик бирлик уюмунун да көңүлүнүн борборунда турган көйгөйлөрдүн бири.

Ушундан улам КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин жаштар кеңешинин демилгеси менен Көк–Жаңгак шаарындагы Макаренко атындагы №2 орто мектептин базасында "Татыктуу жаштарга - Татыктуу эмгек" – деген аталыштагы теманын алкагында райшаар, окуу жайлардын кесиптик бирлик уюмдарынын жаштр кеңешинин жетекчилеринин областтык семинары болуп өттү. Семинардын программасынын мазмуну өзү эле областтык жаштар кеңешинин иши бир топ жолго коюлуп, туруктуу жолго коюла баштагандыгын айгинелеп турат. Ошондой эле иш берүүчү менен жамааттын кызыкчылыгын сыпаттаган кесиптик бирликтин биргелешкен ишмердүүлүгүн айкындаган видео билдирүүлөрдүн күн тартибине камтылгандыгы да өзүнчө бир жамааттык келишимдердин иш жүзүндө аракетте экендигин тастыктап турат.

Семинарга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзнун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасынын, Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин, кызматкерлердин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин төрайымынын, шаардагы мектептердин жетекчилеринин, баштапкы профсоюздук уюмдмрдын башчыларынын катышуусу, профсоюз жетекчилик менен биргеликте жаштардын татыктуу эмгек менен камсыз болушуна кайдыгер эмес экендигин, кам көрөөрүн көрсөтүп турат.  "Жаш профлидер - 2021" облустук  кароо-сынагы жаштарга дем берсин! Семинардын ишине ийгилик каалайбыз! Жаштар кеңешинин профсоюздук ишмердүүлүгүнө стимул бере ала тургандай деңгээлде үлгү болуп,  иш тажрыйбаңыздардын жайыла беришине тилектешпиз.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУ КБКнын кызматкери Н.Баитова