Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

"Жаратман" 10 жашта

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “ЖАРАТМАН” чыгармачылык  борборунун 10 жылдык мааракесине карата отчеттук концерт болуп өттү.

Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жана Жаратмандын мүчөлөрү, Ош шаарындагы чыгармачыл топтордун жетекчилери алгач борбордун жаңы ачылган канаасына баш багышты. Андан соң топтун “Тирек” кол өнөрчүлөр клубунун мүчөлөрүнүн кол өнөрчүлүгүнө, сүрөт көргөзмөсүнө күбө болушту.

Иш-чаранын расмий бөлүгү жыйындар залында болуп, жаратмандар жагымдуу маанайда өз чыгармачылыктарын тартуулашты. Алгач аталган борбордун 10 жыл аралыгында аткарган иш аракеттери, жетишкен ийгиликтери тууралуу баяндалган отчеттук ролик көрсөтүлдү.

Жаратмандын курамындагы “Дүбүрт” адабий клубу, “Жаратман” бийчилер тобу жана таланттуу мүчөлөрү поэзия мүнөттөрүндө ыр окуп, бий бийлеп, ырдашып, тамашалуу сахналык көрүнүштөрдү аткарышты.

Аны менен бирге буга чейин жарыяланган айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш чаралардын жыйынтыгын чыгарышып, ага активдүү катышкан чыгармачыл топтор жана ЖОЖдордун Жаштар комитететтери баалуу белектер менен сыйланды. Ошондой эле Жаратманга жакындан колдоо көрсөтүп, кызматтагы өнөктөштөргө ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек “Жаратман” чыгармачылык борбору 2011-жылдын 25-ноябрында негизделген. Ошол күндөн тарта “Адамдыкка сапар” дил-маек сериясы ар жуманын ишемби күндөрү студенттерге мотивациялык семинарлар белгилүү инсандар жана тренерлер тарабынан  өткөрүлүп келди. Окуу жайдын босогосун аттаган студенттерди туура багытка буруп, окуудан тышкары чыгармачылыктарын өнүктүрүү максатында түрдүү саамалыктарды уюштуруп келе жатат. Учурда Жаратмандан тарбияланып чыккан бир топ мүчөлөрү республиканын, дүйнөнүн ар бурчунда мыкты кызматтарды аркалап, жаратмандык менен жигердүү иштеп келишүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы