Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ: Жаңы окуу жылыңыздар менен!!!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бүткүл өлкө боюнча билим берүү системасындагы мекемелер сыяктуу эле окуу процесси башталды. Окуу процессинин башталышы билим күнүн белгилөө менен коштолуп, окуу жайыбыздын башкы имаратында салтанаттуу жыйын уюштурулду.

Иш-чарада ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов куттуктоо сөз сүйлөп, профессордук-окутуучулук курамды, студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы, билим майрамы менен кызуу куттуктап, милдеттерди белгилөө менен  ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жыйында университеттин кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы М.Ш Маткаримова, ардагер аксакалыбыз, т.и.д., профессор А.А.Аширалиев, кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин өкүлү А.А.Усенов жана үлгүлүү студенттер сөзгө чыгышып,  “Маданий – эстетикалык” борбордун кызматкерлери тарабынан  атайын концерттик программа тартууланды, айрыкча  ЖАМУнун гимни бардык  катышуучулардын көңүлүн көкөлөттү. 

Билим күнүнө арналган иш чарага аймактык жана республикалык массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери да катышышып  окуу жайдын жетекчилери менен маек курушуп,  суроолоруна  тиешелүү жоопторду алышты. Университетте окуу процесси эки сменада жүргүзүлүп, сабактар санитардык талаптарды  сактоо менен  өтүлүүдө.

Жаңы окуу жылыңыздар менен! Билим майрамы менен!!!                              

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова