Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ менен Виадрина университетинин байланышы – дүйнөлүк интеграциянын агымында

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмү көп жылдык тажрыйба топтоп, ырааттуу иш жүргүзгөн, окуу жайыбыздын аброюн эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп келе жатата. Бөлүмдүн кызматкерлеринин аракети менен 2019-жылдан бери Германиянын Виадрина Европа университети менен өнөктөш болуп, илимий өңүттө да кызматташып, профессордук-окутуучулук курамдын илимий эмгектери Европанын окуу жайларында таанымал болууда.

Жакында Кыргызстандагы көп тилдүүлүк боюнча биргелешкен изилдөө долбоорунун онлайн коллоквиуму болду.

Joint Research Colloquium between JASU and EUV

Коллоквиумда  ЖАМУнун үч илимий кызматкери , Гүлнура Маткалыкова “Фергана өрөөнүнүн мисалында Кыргызстандын көп тилдүү коомунда тилдин колдонулушу” (илимий долбоорго киришүү), Диана Раимбекова “Үй буюмдарынын аталыштарынын лексикалык өзгөчөлүктөрү” (Бакалавр квалификациялык долбоору), Айзада Жумашева “Маданияттын жана каада-салттын контекстиндеги лексикалык өзгөчөлүктөр” (Бакалавр квалификациялык долбоору) деген темаларда илимий изилдөө иштерин презентация жасашты. Изилдөө коллоквиуму абдан кызыктуу жана жандуу өттү. Жакынкы айларда эки тараптуу активдүү лекциялар пландаштырылууда.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУ КБКнын кызматкери Н.Баитова