Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ, Конфуций институту: онлайн окуу, тажрыйба алмашуу

2010-2011- окуу жылында К.Карасаев атындагы БГУнун ошол учурдагы кытай тараптан директору, профессор Субай Анарбектин жана профессор К.Ж.Усеновдун демилгеси менен ЖАМУда Кытай борбору БГУнун филиалы катары ачылган эле. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы мамлекеттеринин ортосундагы стратегиялык кызматташууну бекемдөө декларациясынын негизинде, Конфуций институту Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2016-жылдын декабрында Синьцзян университети жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосундагы Ханьбань келишими боюнча жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин, Камкорчулук кеңешинин жыйынынын чечимдеринин негизинде, окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж.Усеновдун буйругу менен ачылган. Бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуу натыйжалуу жүргүзүлүп келүүдө.

2021-жылдын 16-19- апрель күндөрү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усеновдун, катышуусунда университеттин Конфуций институтунун, Пелагогика жана маалымат технологиялар факультетиндеги «Башкаруунун афтоматтык системаси» адистигинин жана Экономика–юридикалык факультетиндеги  «Юриспруденция» адистигинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттеринин, катышуусунда Кытайдын Синьцзян университетинин лекторлору менен биргеликте «Цифралык технологиянын мүмкүнчүлүктөрү», «Кытайда IT адистерине программалык камсыздоо багытында кесиптик билим берүү», «Синьцзян университетинде чет өлкөлүк студенттерге билим берүү», “Кытай мыйзамы”  деген аталыштагы камтыган онлайн окуу, тажрыйба алмашуу иш-чарасы болуп  өттү.

 

Анда Синьцзян университетинин программалык камсыздоо факультетинин профессору Цянь Юйжун жана бир топ лекторлор IT адистерин программалык камсыздоо багытында, аларды жаңы технологияларды колдонуу  менен окутуу, цифралык технологияны бардык тармакта колдонуу, визуалдык билим берүү, ж.б. маселелер боюнча лекция окушуп, темага байланыштуу илимий-теориялык, практикалык, илимий-методологиялык көрсөтмөлөлөр бо.нча тажрыйба алмашышты. Синьцзян университетинин эл аралык маданий байланыштар факультетинин деканынын орун басары Накреман Ибраим  коштогон лекторлор окуу жайда пандемиялык кырдаалда чет өлкөлүк студенттерге билим берүүдөгү маселелерге,  өзгөчөлүктөргө, алгылыктуу усулдарга, уюштурулуп жаткан иш-чаралар, Кытайдагы жаңы кабыл алынган мыйзамдар жана жарандардын укуктары боюнча кенен маалымат беришти.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Н.Баитова