Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ЖАМУ – “Көгүлтүр Ысык-Көл” ортосунда эки тараптуу келишим түзүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин жетекчилиги кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугу үчүн кам көрүп, көңүлдүү эс алуусун уюштурууну жакшыртуунун үстүндө талыкпай аракеттенүүдө. Жакында “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин жетекчилиги менен эки тараптуу келишим түзүүгө жетишти. Келишим боюнча ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрү санаторийдин жолдомосун жыл бою өздөүнө ыңгайлуу мөөнөттө, жеңилдетилген баада ала алышат. “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде дарыланып, ден соолукту чыңдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн. ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети кызматкерлерге келишимдеги жеңилдиктер тууралуу толук маалымат жеткиришип, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү беришти.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова