Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ыраазычылык күнү белгиленди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университенин Жалал-Абад колледжинде “Thanksgiving day”- аталышында майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу колледждин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси А.Ыстамбаев кабарлады.

Иш-чара башталгыч класс мугалими тайпаларынын студенттеринин арасында болду. Анда студенттер саламдашуу, майрам жөнүндө слайд, презентацияларды көрсөтүштү.  Аны менен катар бул майрамдын тарыхы жөнүндө күйөрмандарга англис тилинде баяндап айтып беришти. Майрамдык кечеде таланттуу студенттер англис тилинде ыр ырдап, бий бийлешти. Мындай саамалык ар жылы окуу жайда уюштурулат. Иш-чаранын максаты студенттерди Америка, Британия элдеринин салты болгон Thanksgiving day (ыраазычылык күнү) майрамынын тарыхы менен тааныштыруу жана студенттердин англис тилине болгон кызыгусун арттыруу - дейт англис тили мугалими Эргешова Нурайым.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова