Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган илимий конференция

19-майда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз мамлекетинин түптөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган «Улут лидери Жусуп Абдрахманов» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө»  жарлыгынын негизинде Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн калыптанышына жана түптөлүшүнө зор салым кошкон, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүк калтыруу максатында Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык маданият башкармалыгы жана Ош МПУ тарабынан уюштурулду.

 

Аталган илимий-практикалык конференцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарындагы белгилүү тарыхчылар, окумуштуулар жана студенттер катышышты.

Конференциянын расмий ачылышында Ош шаарынын вице мэри Эмил Шадыканов, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Б.Нурумбетов жана университеттин проректору К.Раимбеков куттуктоо сөздөрүн билдиришти, илимий иш-чарага ийгилик каалашты.

 

Ошондой эле мында катышкан илимпоздор Жусуп Абдрахмановдун өмүр-жолу, ишмердүүлүгү, калтырган эмгектери тууралуу өз изилдөөлөрүнүн, тарыхый маалыматтардын негизинде айтып беришти.

Конференцияда Ош шаарынын мэриясы жана уюштуруу тобу тарабынан мыкты баяндама жасаган изилдөөчүлөргө алкыш баракчалар, ардак грамота жана сертификаттар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек