Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Жөө күлүк ОшМУдан борборго карай

ОшМУда жарыяланган Сергек жашоо жана ден соолук жылынын алкагында 18-июнда окуу жайдын педагогика жана психология факультетинин улук окутуучусу Канибек Джанибаев окуу жайдын башкы корпусунан Бишкекти көздөй жөө жолго чыкты.

Жөө күлүк Канибек Джанибаев 10  күндүн ичинде Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтына чейинки аралыкты чуркап өттү. Аны 10 күн бою атайын топ коштоп жүргөн.  Жөө күлүктү окуу жайдын түзүмдөрүнүн жетекчилери, факультеттин жамааты коштоп чыгып, ак бата берип узатышкан. Жөө күлүк мындай саамалыкка бир топ убакыттан бери даярдык көрүп жүргөн. Канибек Джанибаевди колдоо максатында  жана атайын коштоп жүрүү үчүн чыккан топко, ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан  акча каражаты бөлүнүп берилди. 28-июнь күнү жөө күлүк борбор калаабызга жетип, көздөгөн максатын ийгиликтүү ишке ашырды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети