Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Залкар инсандар эскерилди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин Р.Абдыкадыров атындагы жыйындар залында “Кыргыздын залкар инсандары” аттуу эки бөлүктөн турган адабий кече өткөрүлдү.  Адабий кечени Жалал-Абад колледжинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Б.М.Турдубаева ачып, улуу инсандардын баа жеткис эмгектерин белгилеп өттү. Кечеге филология илимдеринин кандидаты, доцент, адабиятчы Д.Чокоева, “Мамлекеттик тил» бөлүмүнүн жетекчиси, филология илимдеринин доктору К.Калчакеев, педагогика илимдеринин кандидаты С.Сакиева жана төкмө акын Э.Иманалиевдин бир тууганы Н.Иманалиева, ЖАКтын өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Кайкиевалар катышышты.

Бул иш-чаранын 1-бөлүгү агартуучу, тилчи-окумуштуу, алгачкы илимпоз, акын, котормочу, коомдук ишмер Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналып, тил илимине, кыргыз адабиятына, маданиятына, кыргыз жазуусунун түптөлүшүнө кошкон салымы тууралуу айтылды. Өмүрү чыгармалары боюнча видео слайддар көрсөтүлүп, көркөм окуулар окулду. Студенттер «Ийнелик менен кумурска» котормо тамсилин жана “Арпа менен буудайө” жомогун сахналаштырышып, концерттик номерлерди тартуулашты.

Кеченин экинчи бөлүгү белгилүү Кыргыз Республикасынын эл артисти, төрт тарабы төп жорго ак таңдай төкмө акын, манасчы, комузчу, обончу, актер, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына арналды.  Төкмөлүк өнөрдүн ээси Элмирбек Иманалиевдин балалык чагынан көрүнүштөр көрсөтүлүп,  жандуу үн менен обондуу ырлары аткарылды. Кыргыздын залкар инсандарынын  жаш муундарды тарбия-таалимге үндөгөн чыгармалары жанырды.

Кечеде акындын шакирттери, жаш төкмө акын Т.Арзыбаев, С.Зулуев, Н.Абдикаримов, Т.Буураев, Ы.Токтосуновдор өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы биология илимдеринин доктору З.Сакбаева, филология илимдеринин кандидаты Г.Токтогуловалар сөз сүйлөшүп, К.Тыныстанов менен Э.Иманалиевдин таланты, эмгеги жөнүндө айтышты. Адабий кеченин тарбиялык маанисин, уюштуруу деңгээлин жогору баалашты. Г.Токтогулова жаш төкмө акындарга өз китебин тартуулады.

“Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр данкталбайт”.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлигинин кызматкери Н.Баитова