Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ыйык айдагы иш-чара

Ыйык Рамазан айынын акыркы күндөрү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитети окуу жайдын жетекчилиги менен биргеликте  пандемиянын кесепетинен жана жакында болгон Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан каза болгон мекендештерибизди  эскерүү менен, улуу салтыбызды аркалап, элибизге тынчылык тилеп, ушул ыйык күндөрдө эскерүү иш чарасы  уюштурулду. Азыркы учурдагы санитардык эпидемиологиялык абалды эске алуу менен структуралык бөлүмдөрдөн, факультеттерден улуу муундун өкүлдөрү катышып, аман-эсенчилик, тынчтык жөнүндө каалоо-тилектер айтылды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин кызматкери Н.Баитова