Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Тыгыз кызматташуу макулдашылды

2024-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Д.Султанбаевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын билим берүү тармагынын социалдык өнөктөштөрүнүн кызматташуу маселелери боюнча жолугушуусу өттү.

Бул жолугушууга төмөнкүлөр  катышты:

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин, Кесиптик бирлигинин, Борбордук Комитетинин төрагасы Султанбаев А.Д.,

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин, Кесиптик бирлигинин, Борбордук Комитетинин башкы укуктук жана техникалык инспектору Кадыркулов Б.М.,

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин, кесиптик бирлигинин, Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Бараханов Т.О.,

Бишкек шаарынын мэриясынын, Билим берүү Департаментинин башчысы Мусаева Р.И.,

Бишкек шаарынын мэриясынын, Биринчи май райондук Билим берүү  башкармалыгынын башчысы Шербаева С.К.,

Бишкек шаарынын мэриясынын, Свердлов райондук Билим берүү  башкармалыгынын башчысы Байгулов Н.О.,

Бишкек шаарынын мэриясынын, Ленин райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Темирканова Т.Э.,

Бишкек шаарынын мэриясынын, Октябрь райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Ем Л.М.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу, окутууларды  (семинарлар, кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү боюнча тегерек столдорду өткөрүү, эмгек акыны эсептөө, өргүү ж.б.) өткөрүү, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо (өз убагында жана толук эмгек акы төлөө, педагогикалык этика, техникалык коопсуздук талаптарын сактоо жана эмгекти коргоо) маселелери каралды.

Шаардык, райондук билим берүү башкармалыгы менен кесиптик бирлик уюмдарынан чыгып кеткен кесиптик бирликтерди кайтаруу ишин жакшыртуу жөнүңдө сөз болду.

Ошондой эле шаардын билим берүү кызматкерлеринин ден соолуктарын чыңдоо жана эс алдырууну уюштуруу маселеси талкууланды (билим берүү кызматкерлерин кардиолог менен онкологдун текшерүүсүнөн өткөрүү; санаториялык жана санаториялык-курорттук эс алуу; жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо фондунан, уюмдун жалпы чогулушунун чечими менен көбүрөөк кызматкерлерди эс алдыруу үчүн кабыл алынган, жамааттык келишимде бекитилген, максаттуу-жайкы эс алуу үчүн багытталган кошумча 0,5% чегерүүнүн эсебинен).

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселелеринде тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Т.Бараханов – Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы