Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Төш белги менен сыйланды

23-февраль “Ата Мекенди коргоо күнүнө” карата КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан билим берүү тармагына жасаган күжүрмөн  эмгеги жана кесиптик бирлик тармагына кошкон салымы үчүн Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Байгулов Нурлан Омурбекович “Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.

Сыйлыкты билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т.О.Бараханов тапшырып, Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.О.Байгуловдун билим берүү тармагындагы мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады жана кесиптик бирлик менен жигердүү иштешүүгө чакырды.

Сыйлык тапшыруу аземине Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнүн жалпы кызматкерлери катышып,  Бишкек шаардык кесиптик бирлик комитети менен  мындан ары тыгыз иш алып барууларын белгилешти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети