Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Төрага Фридрих Эберт фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2024-жылдын 18-январында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Фридрих Эберт фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барып келет. Фонддун негизги максаттарын бири Кыргыз Республикасындагы демократиялык институттарын колдоо, өнүктүрүү болуп саналат жана социалдык акыйкаттуулук маселелери боюнча кесиптик бирликтер менен иш алып барышат.

Жолугушууга  фонддун Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттери боюнча аймактык директору Филипп К. Ян жана кесиптик бирликтер менен иштөө боюнча координатору Ильяс Сатыбалдиев катышышты.

Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондунун өкүлдөрү менен жолугушууда төрага А. Султанбаев  кесиптик  бирлик мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык-экономикалык  кызыкчылыктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен кызматташуунун жана анын активдештирүүнүн актуалдуулугун баса белгиледи.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин жана  Кыргызстандагы Фридрих Эберт фонду кесиптик бирлик үчүн биргелешкен иш-чараларды, окутуу семинарларды, тегерек столдорду өткөрүүнү макулдашышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин борбордук комитети