Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Төраганын билим берүү департаментинин директору менен жолугушуусу

2023-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев Бишкек шаардык Билим берүү департаментинин директору  Мусаева Рахат Ишенбековна менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн укугун жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын ден соолуктарын чыңдоо, эс алууларына камкордук көрүү, бул багытта шаардык билим берүү уюмдары менен шаардык кесиптик бирлик комитетинин ишин жандандыруу, кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.

Бишкек шаардык Билим берүү департаменти менен биргеликте эмгектик, укуктук коргоо, социалдык, экономикалык маселелер боюнча семинар, тегерек столдорду өткөрүү, агартуучулук иштерди жүргүзүү жөнүндө сөз болду.

Мындан сырткары кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн кесиптик бирлик уюмдарына болгон ишенимин арттыруу, чыгып кеткен айрым кесиптик бирлик уюмдарын кайра кайтаруу жаатында да  пикир алышуулар болду.

Жыйынтыгында Билим берүү департаменти менен шаардык кесиптик бирлик уюмдарынын мугалимдерди социалдык, экономикалык абалдарын жакшырта турган иш-чараларды, семинарларды жана тегерек столдорду өткөрүү макулдашылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети