Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Техникалык коопсуздук - эмгекти коргоого негиз!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик уюмунун “Укуктук маселе, эмгек, эмгекти коргоо жана коопсуздук” боюнча комиссиясынын жана тиешелүү түзүмдөрдүн баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери жана кафедра, бөлүм башчыларынын, тажрыйбалуу практик адистердин катышуусунда бүтүрүүчү студенттер үчүн “Техникалык коопсуздук - эмгекти коргоого негиз!”- деген аталышта лекциялар өткөрүлүүдө.

Жакында «Электр менен камсыздоо», “Электр станциялары, тармактар жана системалар” адистиктеринин студенттери үчүн “Техникалык коопсуздук  жана АСКИУО электр эсептегичи.”- деген темада лекция “Жалал-Абад Электро” ААКнын  техникалык коопсуздук бөлүмүнүн тажрыйбалуу адиси Э.Шайдуллаевдин катышуусу менен өтүлдү.

Бул адистикте билим алып жаткан  студенттер практикага барган күндөн баштап техниалык коопсуздук эрежелери менен тааныш болсо да, аны так жана туура аткаруунун зарылдыгы тууралуу практик  адис конкреттүү мисалдарга токтолуу менен, ар бир студент же жаңы жумушка орношкон адистин техникалык коопсуздук эрежелерди так билүүсү жана аны туура аткаруусу  эн башкы нерсе экендигин катышуучуларга жеткире түшүндүрдү  жана иш учурунда ар кандай кокустуктардын алдын алуу үчүн атайын иштелип чыккан эрежелерге да көңүл буруу керек экендигин баса  белгиледи.

Ошондой эле азыркы учурдагы  АСКИУО электр эсептегичи жөнүндө кеңири маалымат берип, анын иштөө жолдорун, артыкчылыгын, айрым мүчүлуштүктөрү тууралуу презентациялык баяндама жасады.

Студенттер Э.Шайдуллаевге өздөрү кызыккан суроолорду беришип, жеткиликтүү жоопторду ала алышты. Түздөн-түз өндүрүштүк тажрыйбасы бар адис өткөн лекция кызыктуу болуп, студенттердин жана уюштуруучулардын ыраазычылыгына татыктуу болду. ЖАМУнун иш берүүчү өнөктөштөр менен байланышынын чыңала берүүсүнө шарттарды түзүү менен өз салымыбызды арттыра  берели. Техникалык коопсуздук - эмгекти коргоого негиз!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУ КБКнын кызматкери Н.Баитова