Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Тазалык – ден соолуктун булагы!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты, окуу жайдын бардык түзүмдөрүнүн баштапкы кесиптик бирлигинин жетекчилеринин уюштуруусу менен Жалал-Абад шаарында мэрия тарабынан жарыяланган “Тазалык жана жашылдандыруу” деген 3 айлык акциянын алкагында, ар жуманын ишемби күндөрү ишембилик өткөрүшүп, шаарыбыздын “Тазалык” иш канасынын кызматкерлерине жакындан колдоо көрсөтүлүп келүүдө.

Бул жумада да ишембилик улантылып, кызматкелер керектүү шаймандар менен камсыз болушуп, бардык окуу корпустарынын айланасы тазаланып, арыктар таштандылардан арылтылып, суу жүргүзүлдү. Жалпы шаардык аймактан бөлүнгөн “Жалал-Абад” санаториясына кеткен жолдун жээктери, Токтогул көчөдөгү эс алуу аллеясы, М.Ботбаев көчөсүнүн жээктери тазаланды.

Айрыкча “Педагогика жана маалымат технологялар” факультетинин (баштапкы кесиптик бирлигинин жетекчиси И.Алиев) жана “Административдик башкаруу кызматкерлеринин” (баштапкы кесиптик бирлигинин жетекчиси А.Мирзахмедова), “Медициналык колледждин”(баштапкы кесиптик бирлигинин жетекчиси Г.Алимбаева) баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрүнүн биргеликте иштеп, көңүлдүү эс алып кайткандыгы калган бөлүмдөр, факультеттер үчүн үлгү катары боло алгандыгын белгилеп кетүү зарыл.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУ КБКнын кызматкери Нуржан Баитова