Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Татыктуу эмгекке сенин кадамың!

Жалал-Абад шаарында шаардык мериянын, шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын «Жумуш орундарга жайгаштыруу» бөлүмүнүн «Жалал-Абад-жарандык коомдук колдоо борбору», «Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) коомдук фонддорунун демилгеси менен “Татыктуу эмгекке сенин кадамың!” – деген аталышта бош жумуш орундар жарманкеси болду.

Анда шаардагы жумуш берүүчү ишкана, мекеме, окуу жайлар, банктар бош жумуш орундар жөнүндө маалыматтык көрнөктөрдү жайгаштырышып, даярдалуучу буюмдардын, кийимдердин үлгүлөрүнүн көргөзмөсүн коюшуп, көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин сунуш кылышты. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик уюмунун ”Укуктук маселеле, эмгек, эмгекти коргоо жана коопсуздук” боюнча укуктуу комиссиясынын уюштуруусу менен тиешелүү көрнөктөр орнотулуп, адистикти даярдоочу бардык кафедралардын бүтүрүүчүлөрү катышышты. Алар жарманкеде татыктуу жумуш табуунун жолдору, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды алышты.

Ошондой эле өндүрүштө жаштардын укуктарын коргоо; Эмгек мыйзамдары; Эмгек келишими деген эмне? Эмгекти коргоо; Кесиптик бирлик деген кимдер? Кесиптик бирликтердин иши жөнүндө; - маалымдама материалдарды алышты жана  Zanyatost.kg Социалдык өнүгүү Министирлигинин сайтынын жана Ishtapp мобилдик колдонмосунун мастер-классына катышышты. Мындай маалыматтар эртеңки адистер үчүн пайдалуу болду.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУ КБКнын кызматкери Н.Баитова