Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

“Таланттарды издейбиз-2021” кароо сынагы

7-декабрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-курстун студенттери арасында “Таланттарды издейбиз – 2021” студенттик кароо сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Бекмурза Зулуев, факультеттердин өкүлдөрү жана студенттер катышып, мыкты талант ээлеринин гала концертине күбөө болушту. Сынак үч баскыч менен өтүп алгач тайпалар арасында өтсө, кийин факультеттер ортосунда болуп, андан тандалып алынган студенттер жеңүүчү болушкан.

Кечеде алгач фестивалдын үч баскычынан өтүп, гала концертке жолдомо алган жеңүүчүлөр өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, катышуучуларга жогорку маанайда маданий кече тартуулашты. Андан соң иш чара сыйлоо аземи менен уланып, ректор Б.Зулуев жалпы фестивалдын жеңүүчүлөрүн, катышуучуларды кызуу куттуктоо менен жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды. Мында алгач сахнадан тушоосун кесип турушкан таланттуу студенттер кароо сынактын жеңүүчүсү катары жетекчиликтин диплом, грамоталарына ээ болушту.

Белгилей кетсек аталган кароо-сынак окуу жайда ар жылы салтка айланып, жалпы 1-курстун ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп келет. Мында катышуучулар атайын жобонун негизинде фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык, хореографиялык, алып баруучулук жанрлар жана өзгөчө өнөр боюнча сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана таланттарын тартуулашып, калыстар тобунун тандоосу менен мыкты деп тандалган талант ээлери гала концерттке жолдомо алышкан.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы