Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Сыйлык кут болсун!

Жалал-Абад шаарында эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси өзгөчө шаң менен майрамдалды. Шаардын көчөлөрүнө мамлекеттик  туулар илинип, борбордук аянтка мекемелер, ишканалар тарабынан  конкурстук негизде 30 боз үй тигилип, шаар тургундары жана коноктор үчүн майрамдык маанай тартууланды.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамааты Жалал-Абад шаардык мериясы “Эгемендүүүктүн 30 жылдык мааракесин майрамдоо” иш-чараларынын алкагында уюштурган улуттук сыймык болгон боз үй боюнча “Мыкты Боз үй” конкурсунда  биринчи  орунду ээлеп, 30 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова