Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Студенттик форум - 2021

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде КРнын Президенти С.Н.Жапаровдун “Жаштар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви!” аттуу ураанынын алкагында жана КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2021-жылдын 25-августундагы пленумунун токтомдорун аткаруу боюнча “Студенттик форум - 2021” иш-чарасы болду. Форум эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүк “Өлкөбүздүн жаш жараны ал – ким?” – видео ролиги көрсөтүлдү. Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору, тех.и.д., профессор К.Усенов мазмундуу куттуктоо сөзү менен башталды жана ЖАМУда өтүп жаткан “Жаштар жумалыгынын” алкагында уюштурулуп, өткөрүлгөн иш чаралардын жыйынтыгы менен мыкты деп табылган студенттерге тиешелүү сыйлыктар, форумга катышкан бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык каттар тапшырылды.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү, университеттин илимий иштер боюнча проректору, тех.и.к., доцент – Куваков Сталбек Жеңишбекович; К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессору, “Математика, информатика жана педагогика” кафедрасынын башчысы, тех.и.к., доцент – Асилова Зульфия Атамырзаевна; НИМСИнин атындагы Эл аралык университетинин профессору, “Математика, информатика жана педагогика” кафедрасынын башчысы, тех.и.к., доцент – Анарбекова Венера; Көк-Жаңгак шаарынын мэри – Замирбеков Баяман Замирбекович;  Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти, Билим берүүнүн отличниги, х.и.к., доцент– Эрназарова Бактыгуль Кочкорбаевна; КРнын Президенттинин “Үмүт” стипендиясынын ээси, “Фрезениус Медикал Кеа Кыргызстан” медицина борборунун Жалал-абад облусундагы бөлүм башчысы – Иркеев Иляз Рустамович; Азия оюндарынын кыргыз күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, спорт чебери – Сексенбаев Элдияр Абдивалиевич   сөзгө чыгышып, ийгиликтери менен бөлүшүп, баалуу кеңештерин айтышты.

Ал эми экинчи бөлүктө “ЖАМУнун Жаштары” видеоролигинен кийин Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун проректору А.Доранова студенттер үчүн  уюштурулуп жаткан иш чаралар тууралуу малыматтарды берсе, университеттин кесиптик бирлигинин төрайымы М.Маткаримова ЖАМУнун кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгү, студенттерди мүчөлүккө кабыл алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндап, студенттердин Эл аралык күнү менен куттуктады. Ошондой эле иш-чарага КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин  инспектору А.Айдаров, жаштар кеңешинин мүчөсү, тармактык профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасадыков катышып, каалоо тилектерин айтышып, облысттык комитеттин алдындагы жаштар кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу презентациялык маалымат берилди. 

Андан ары “Ийгилик сыры” - деген темада областтын аймагында түрдүү тармактарда эмгектенген белгилүү жаштар менен баарлашуу болду: Чыңгыз Урматаалиев, Кыргызтан жаштарынын республикалык конгрессинин Жалал-Абад облусу боюнча төрагасы – “Жаштар конгресси жана анын миссиясы”, Күмүшай Орозкулова, жаш спортчу – “Эч качан артка кайтпа!”, Эльгиза Кенжебаева, жаш дарыгер – “Азыркы студент- жаштардын ден-соолукка туура кам көрүүсү”, Рахат Борбиева, туризм багытындагы адис – “Жаштар үчүн туризм багытындагы мүмкүнчүлүктөр”, Мунара Мамадалыева, жаш юрист – “Жаштар шайлоодо”  тематикалары боюнча кызыктуу маек болду.

Иш-чарага катышкан студенттер мазмундуу  маалыматтарга ээ болуу менен майрамдык маанайда тарашты. Майрам күнү  майрамдык маанай тартуулаган   университетибиздин кесиптик бирлик комитетине, жаштар кеңешине, студенттердин жаштар комитетине жана  тармактык профсоюздун  Жалал-Абад областтык комитетине  ыраазычылык билдиришти!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова