Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Студенттик демилгелер форуму

ОшМУда жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат. Ага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз экономикалык университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттери катышып жатышат.

Ачылуу аземинде ОшМУнун коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова форумдун ишине ийгиликтерди каалап, ал мындан ары да салтка айланып, республикадагы жогорку окуу жайлардын демилгелүүү, алдыңкы студенттеринин пикир алышуу, ой бөлүшүү аянтчасы болуп калуусун белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты, Республикалык Аялдар Кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева форумдун ишине ийгилик каалап, жогорку окуу жайлардын алдыңкы, активдүү окутуучуларына, Аялдар кеңешинин төрайымдарына, студенттик кеңештин төрагаларына Жогорку Кенештин Ардак громатасын тапшырды.

Форумдун алкагында “Университет жана студент”, “Жаштар жана мамлекет” деген темаларда панелдик талкуулар болду.

Күндүн экинчи бөлүгүндө студенттер үчүн “Чилистен” акыл таймашы, “XXI кылымдын компетенциялары” көндүмдөр чемпионаты, “Келечек чакырыктары” студенттик эмгектердин кароо-сынагы, компьютерде текст терүү, пазл чогултуу, кубик-рубик чогултуу, компьютердик графикалык дизайн, котормо иши багыттарында сынактар өтөт.

Ошондой эле коноктор үчүн спорттук мелдештер, ОшМУнун окуу имараттарына жана Ош шаарындагы кооз жайларга саякат уюштурулат.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын төрагасы А.Саттаров