Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Студенттердин жана кызматкерлердин коопсуздугун көзөмөлдөө

ОшМУнун жатаканаларында коопсуздук чаралын көрүү максатында коюлган байкоочу камералардын эскилиги жетип, көпчүлүгү иштебей калган. Ошондуктан арзан жана заманбап үлгүдөгү чакан камераларды ар бир жатаканага жайгаштырып, коопсуздук маселелерин алдын алып, эреже бузган студенттерге өз учурунда чара көрүп, ата-энелерге далилдүү кабар берүү мүмкүнчүлүгүн жаратуу максатында ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Бул чакан байкоочу камералардын ишке кирүүсү менен студенттердинда, кызматкерлердинда жоопкерчилиги артып, адамдык факторду жоготот. Ошондой эле кызматкерлердин укугун коргоодо да чоң жардам берет. Мисалы, жатакананын эшиги кечки белгиленген убакытта жабылгандан кийин студенттер күзөтчүлөрдөн (вахтерлор) суранып кирип кетиши, күзөтчү кызматкерлердин кечигип келген студенттери журналга каттабай коюшу же студент менен кызматкердин жалган маалымат берүүсү.

Жатаканадагы коопсуздук эрежелерин күчөтүү, студенттердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана ар кандай ыңгайсыз маселелерге далилдүү чара көрүү максатында, ОшМУнун профсоюз комитетинин эсебинен 6000 (алты миң) сомдон турган видео байкоо камераларынан 4 даана алып берилди.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети