Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Студенттер күнү белгиленди

Б.Зулуев: “Студенттик курак - бул билимге да, күлкүгө да, сүйүүгө тойбой турган убак”

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнү белгиленип, майрамдык салтанат өткөрүлдү. Жаштыктын демин алып жүргөн студенттер алгач концерттик программа тартуулап, көркөм окуу окушту. Бул менен бирге эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы да жагымдуу чыгармаларын аткарып, катышуучулардын маанайын көтөрдү. Андан соң университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, студенттерге окуудагы ийгиликтерди, коомдук турмуштагы активдүүлүктү каалады.

Окууда жана коомдук иш чараларга дилгирлик көрсөтүп, ийгилик жаратып келе жаткан студенттер Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Бул менен бирге спорт тармагында спартакиада, мелдештерде мыкты жетишкендиктерге жеткен студенттерге кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, түрдүү саамалыктарда окуу жайдын намысын коргогон активдүү студенттерге окуу жайдын атынан сыйлыктар берилди.

Ошондой эле ОшМПУнун эки студентине тарыхчы, философ маркум Турсун Абжалов атындагы стипендия тапшырылды. ОшМПУда 17-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү” жыл сайын жогорку деңгээлде белгиленип, майрамдык кече уюштурулуп келет.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы