Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Социалдык өнөктөштүктүн үзүрү

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исмановдун катышуусу, аким Алмазбек Осмоновдун жетекчилиги астында райондун коллегиялык отуруму болуп өттү. Жыйында Ысык-Ата районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдагы жыйынтыгы жана 2024-жылга карата милдеттери, 1-жарым жылдыгына карата райондун иш планын бекитүү маселелери каралды. Коллегиялык отурумга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, мектептердин жана бала бакчалардын директорлору катышышты.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин  Президиумунун чечими менен 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Алмазбек Абдилаковичке билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык жана экономикалык таламдарын жакшыртууда кошкон алгылыктуу салымы  үчүн «Жылдын Мырзасы» ардактуу наамы ыйгарылып, лента, плакетка жана   баалуу сыйлык «Samsung» планшети тапшырылды.  

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү  жана райондук кесиптик бирлик комитетинин ортосундагы биргеликтеги иш аракеттер кабыл алынган  үч тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылып жаткан иштер  мындан ары дагы аткарыла бермекчи.

Ысык-Ата районунда 2023-жылы жасалган иштер, социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2024-жылга коюлган максаттуу милдеттери боюнча аким Алмазбек Осмонов баяндамасында белгиленгендей өткөн жылды Ысык-Ата району социалдык, экономикалык  жактан жетишкендиктер  менен аяктады. 2024-жылга карата коюлган милдеттердин басымдуулугу башталган иштерди улантуу жана максаттуу жыйынтыкка жетишүү болуп эсептелет.

 

Маалыматты даярдаган: Ысык-Ата райондук кесиптик бирлик комитети