Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮКТҮ ЖАКШЫРТАЛЫ

   2024-жылдын 23-январында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Боржуева Астра Какеновна, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Токтогул райондук комитетинин төрайымы Ажыбаева Кишимжан Кыштобековна жана кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитетинин президиум мүчөсү Марат Батырбековдор менен жолугушту.

  Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев кесиптик бирликтин азыркы учурдагы абалы, алдыга койгон максаттар  жана  милдеттерге токтолуп , кесиптик бирликтин райондук  комитети жана социалдык өнөктөштөр: райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмдөрү менен түзүлгөн “ Үч тараптуу макулдашуулардагы” талаптарды аткаруу боюнча иштерди активдештирүүгө чакырды.  Ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча  баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында да “ Үч тараптуу макулдашуулар” түзүлүп, кызматкерлердин иштөө жана жашоо шартын жакшыртуучу талаптарды киргизүү сунуштары айтылды.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасы” иштелип чыкканы бул программа ар бир кесиптик бирлик комитеттеринин ишине колдонмо болот.  

Социалдык өнөктөш катары Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Боржуева Астра Какеновна кесиптик бирлик комитети биринчи кезекте кызматкерлердин укук, эмгек жана социалдык-экономикалык таламдарын коргогон уюм болушу керек экендигине токтолуу менен, кесиптик бирлик комитети жаңыча багытта иштерди алып баруулары учурдун талабы болуп жатканын айтып өттү. Социалдык өнөктөш катары кесиптик бирликке дайыма колдоо көрсөтүү менен райондун мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектенген кызматкерлердин абалдарын жакшыртуунун үстүндө бирге иштешерин белгиледи.

        Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Токтогул райондук комитетинин төрайымы Ажыбаева Кишимжан Кыштобековна ушул убакка чейин кесиптик бирлик комитети тарабынан аткарылып келген иштерге токтолду, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Токтогул райондук комитетинин 2023-жылдын 26-майында өткөрүлгөн конференциясынын чечимдерин бекитип берүүнү суранды. 

        Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Токтогул райондук комитетинин президиум мүчөсү Батырбеков Марат баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларына окутуу-семинарларын уюштурууну кесиптик бирликте маалымат жандандырууну сунуш кылды.

        Жолугушуунун жыйынтыгында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Токтогул райондук комитетине ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен иштөөнү активдештирүү жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрүнө  азыркы учурдагы көйгөйлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү анын мүчөлөрү менен болгон байланышты күчөтүү талабы коюлду.

       Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо, эс алуусуна да айрыкча көңүл буруу керек экендигин кошумчалап, өздүк бюджеттен кызматкерлердин эс алууларын уюштуруунун ар кандай кандай жолдорун табуу керектигин тапшырды.

 

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети