Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

“Санарип сабак" сынагы жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Гуманитардык факультетинде  окутуучулар арасында уюштурулган "САНАРИП САБАК" сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Аталган сынакка факультеттин бир катар мугалимдери катышышты жана ал сынактын ар бир катышуучусу учурдагы талапка ылайык билим берүү мазмунун өркүндөтүү, окутуунун алдыңкы технологияларын жана методикаларын колдонуу боюнча 3 лекциялык жана 3 семинардык, практикалык сабактарды өздүк Youtube каналдары аркылуу өзүлөрүнүн тажрыйбаларын сунуштары менен тааныштырышты.

Атайын эксперттик комиссия сынактын катышуучуларынын ишин калыс түрдө баалоого аракеттешти. Жыйынтыгында III орунду Тарых кафедрасынын окутуучусу Ажимаматова Үмүтай ээлеп, электрондук печка менен сыйланды. II орунга Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу Наргүл Бекмуратова ээ болуп, телевизор белекке алды. Ал эми баш байге Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу Элиза Рахмановага ыйгарылып, муздаткыч менен сыйланды.

Окутуучулардын сабак өтүүдө алдыңкы технологияларды колдонуу боюнча өткөрүлүп жаткан бул саамалык алардын сабак өтүүгө болгон кызыгуусун арттырууга жана натыйжалуулугун жайылтууга өбөлгө бомокчу.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек