Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Өрнөктүү өмүр!

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинде өмүрү өрнөк инсандарыбыздын бири, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, легендарлуу парламенттин депутаты Казат Акматовдун 80 жылдыгы белгиленди.

К.Акматовдун 80 жылдыгына карата иш-чарада “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы” кафедрасынаын окутуучусу Раимкул кызы Айжамал Казат Акматовдун өмүр таржымалын, эмгек жолун, маданий жактан ийгиликтери тууралуу кеңири баяндама жасаса, студенттер Медербек кызы Айзирек - “Эки сап өмүр”, Мелисова Жазина - “Мунабия”, Абдижапар кызы Бекзаада - “Архат” чыгармалары боюнча кызыктуу баяндамаларды презентация кылышты. Жыйынтыгында кафедранын доценттин милдетин аткаруучу К.Ибраимов адабий чыгармаларга көбүрөөк көңүл бөлүү аркылуу өсүп келе жаткан муунду ар тараптуу тарбиялоонун бир инструменти катары кабыл алуу максаттуу экендигине токтолуу менен студенттер бул иш-чара аркылуу кандай маалымат ала алышкандыгын сурамжылады.

Натыйжада дагы бир өмүрү өрнөк боло ала турган инсан Казат Акматов тууралуу өздөрүндө болбогон маалыматтарга ээ болушуп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлигинин кызматкери Н.Баитова