Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ректордун билим кубогун ким утту?

2021-жылдын 15-апрелинде көптөн күткөн “Ректордун билим кубогу-2021” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Иш-чара институттун башкы корпусунда уюштурулуп, ага ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучулар, студенттер күбө болушту. Ошондой эле Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Изат Берхмаматов калыстар тобу катары катышты.

Таймашты алгач окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып, өз сөзүндө билимдүүлөр гана дүйнөнү башкарып, ийгилик тепкичтеринде баса аларын белгилеп, оюнчуларга ийгилик каалоо менен, институттун билимдүү жаштарына ар дайым колдоо көрсөтөөрүн айтып өттү.

Оюнга окуу жайдын ар бир факультетинен 7 студент катышып, өз билимдерин сынашты. Алар 3 тур менен жарышып, алгач тандап алуу турунда жалпы катышуучуларга 20 суроо берилип, ар биринен кагаз жүзүндө жооптор кабыл алынды. Алган упайларга карап, 2-турга 4 катышуучу өтүп, алар категорияларды тандоо менен андагы суроолорго жооп беришти. Соңку баскыч бул финалдык баскыч болуп, мында эң көп упай топтогон 2 катышуучу ат салышты. Финалисттер сыр сандыкта катылган 7суроонун үстүндө ой жүгүртүү менен жыйынтыгында Математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин студенти Айгерим Өсөрбек кызы жеңүүчү аталып, кубоктун ээси болду. Ал эми 2-орунду Кыргыз-Россия факультетинин студенти финалист Бегимай Исакова ээледи. 3-орунда Гуманитардык факультеттин студенти Мираида Чолпонкулова болду.

Аталган таймаш окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев тарабынан демилгеленип, СТУД.kg гезитинин редактору Бектурали Исамидин уулу жана Жаштар комитети менен биргеликте биринчи ирет уюштурулду. Алдыда бул таймаш дагы уланып, жыл сайын РЕКТОРДУН КУБОГУНА татыктуулар ат салышат.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОГПИнин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек