Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ректордун “Билим кубогу-2021" интеллектуалдык оюнунун 2-айлампасы болуп өттү

Аталган таймашка окуу жайдын факультеттеринен тандалып чыккан 6 студент ат салышып, өз билимдерин сынашты.

Оюндун жүрүшү дайымкыдай 3 этаптан туруп, ар бир турда 2 ден оюнчу оюндан четтетилип, финалда Табият таануу жана география факультетинин студенти Шамырбеков Мухаммед жана Гуманитардык факультетинин студенти Буниса Советбек кызы кызуу атааңдаштык жаратышты.

Таймаштын суроолору күнүмдүк сабактагы колдонулган маалыматтардын катарын толуктап жана өзгөчө ой жүгүртүүнү талап кылуу менен билимдүүлөрдүн дарамети жогорку деңгээлде сыналды.

Жыйынтыгында 3-орунду Математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин студенти Батырбек к Жылдызкан, 2-орунду Табият таануу жана география факультетинин студенти Шамырбеков Мухаммед ээледи. Ал эми баш байгени Гуманитардык факультетинин студенти Буниса Советбек кызы багындырып бүгүнкү РЕКТОРДУН “БИЛИМ” кубогунун ээси аталды.

Белгилей кетсек интеллектуалдык оюн жаштарды  билим алууга, улам жаңы маалыматтарга ээ болууга үндөө максатында жана логиканы өстүрүүгө багытталып, окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев тарабынан демилгеленип, СТУД.kg гезитинин редактору Бектурали Исамидин уулу жана Жаштар комитети менен биргеликте биринчи ирет уюштурулду. Алдыда бул таймаш дагы уланып, жыл сайын РЕКТОРДУН КУБОГУНА татыктуулар ат салышат.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек