Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Профессор Дүйшөн Шаматовдун лекциясы

Белгилүү педагог, Торонто университетинин PhD доктору жана Н.Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучуларына жана магистрлерине лекция окуду. Бул тууралуу окуу жайдын пресс-секретары Кулпунай Мамасалиева билдирди.

Лектор билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир канча эл аралык долбоорлордун автору катары “Заманбап илим изилдөө усулдарынын теориясы жана практикасы” деген темада катышуучуларга өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүштү.

Лекциянын алгачкы бөлүгүндө изилдөө парадигмалары, сапаттык жана сандык изилдөөлөр боюнча теориялык маалыматтар айтылып, атайын экспертизалар да жүргүзүлдү. Мында изилдөөнүн темасы, максаты, изилдөө суроолору боюнча кеп козголуп, маалыматтарды чогултуу инструменттери боюнча бир топ жаңы түшүнүктөр айтылды. Соңунда лектор изилдөө этикасы боюнча маалымат берип, ал лекция учурунда бир гана өз билимин бөлүшүү менен чектелбей катышуучулар менен кайтарым байланыштарды жасап, суроолорго жооп берип өттү.

Анын айтымында учурда кыргыз илим изилдөөчүлөр көбүнесе эл аралык деңгээлге активдүү аралаша албай жатышат. Тил билүү мүмкүнчүлүгү аз болгондуктан орус тилдүү маалыматтар, макалалар менен гана чектелип калып жатканын белгилейт. Илим изилдеп, макала жазуу үчүн алгач буга чейин изилденген жана даяр болгон макала, илимдер тууралуу маалымат болуш керек дейт.

Белгилей кетсек бул иш-чара жалпы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, жаш педагог изилдөөчүлөргө шык берүү максатында университеттин жетекчилиги тарабынан уюштурулду.

Иш-чараны университеттин Окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып берип, профессорго ыраазычылык билдирип, сабактын өтүүсүнө ийгилик каалап өттү.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы