Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУнун профилакториясы

ОшМУнун профилакториясында ар бир айда элүү студент кабыл алынып, жылына беш  жүз  студент дарыланууда. Студенттерге жакшы шарт түзүлгөн, аш канасы кенен, күнүнө үч жолу тамак берилет жана ар күнү жаңы меню түзүлөт.  Ар жыл сайын ремонт болуп, эшик, терезелери сырдалып турат. Аш канасы, жуунучу жайлары жана спорт аянтчалары дагы талапка жооп берет. Таң эрте студенттер денени кантип чыңалтуу жана туура алып жүрүү боюнча көнүгүүлөрдү жасап, ОшТВ  каналында  “Таң маанай” программасынан көрсөтүлөт. Эрте мененки тамакка быштак, сыр, жумуртка, сүт, күрүчтөн жасалган жеңил тамактар берилет. Убактысы саат 7ден – 8ге чейин болот.

Андан кийин ар бир студент дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, дарсонвал, ингаляция куф, вибромассаж, солюкс, светованна менен дарыланып чыгат. Түштөнүү саат 12ден 14:00гө чейин уланат. Түшкү тамакка биринчи жана экинчи тамактар, ар кандай жашылчадан даярдалган салаттар берилет. Студенттер бош убактысын сабак окууга, сыналгы көрүү менен, шахмат – шашки жана ар кандай музыкалык аспаптарды ойноо менен өткөрүшөт. “Акыл ордо” жана ар кандай “Семинарларга” даярданышат.

Кечки тамак саат 18ден, 19:00гө чейин болот. Андан соң студенттер дарыгер менен сүйлөшүп, бой-салмагын текшерип, студент профилакторияга келгенге чейин жана келип дарыланып жыйынтык кандай болуп жатканын текшерет.

КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин каржы бөлүмүнүн жетекчиси Абикова Назира Коноковна тарабынан ОшМУнун профилакториясынын ишмердүүлүгү текшерилип, бирок талапка жооп бербеген, эскертүү иштери каралып чыкты. Профилакторияда иштеген кызматкерлерге шарттар  түзүлүп берилди, азыркы учурда баардык  талапка жооп берет.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова