Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУнун кызматкерлери "Ден соолук-2021" спартакиадасына катышууда

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Ысык-Көлдө өтүп  жаткан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин "Ден соолук-2021" спартакиадасына катышып жатышат. Жыл сайын өтүүчү спорттук иш-чаранын программасында волейбол, футбол, стритбол, шахмат, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол боюнча мелдештер бар.

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети менен биргеликте мугалимдердин сергек жашоо образын калыптандыруу, эс алуусун камсыздоо максатында уюштурган турнирге ОшМУнун окутуучулары программадагы спорттун бардык түрүнөн катышып жатат. Буга чейин өткөн областтык спартакиадада окуу жай жалпы командалык эсепте 1-орунду ээлеген. Республикалык турда да алдыңкы орунду камсыз кылабыз" - дейт ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров.

Көл жээгинде спартакиада 22-27-июнь күндөрү өтөт. Ага өлкөнүн жети областынан, Ош, Бишкек шаарларынын билим берүү уюмдарынын – бала бакча, мектеп, окуу жайлардын кызматкерлери катышып жатышат.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова