Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУ окутуучуларды эс алдырууда

ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан көп жыл эмгектенген 40 окутуучуга “Энесай” пансионатына акысыз жолдомо берилди. Июль айынан тарта жолдомо алган окутуучулар эс алууга бара башташты. Аны менен бирге “Үмүт” пансионатына жана Жалал-Абад, Мамакеев санаториясына да жолдомолор берилүүдө. ОшМУнун кесиптик бирлик комитети 2021-жылкы жайкы эс алууну жогорку деңгээлде уюштура алды, билим берүү кызматкерлери ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

“Энесай” пансионаты Кара-Ой айылында көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Бул пансионаттын өзгөчөлүгү анын жашыл жана чоң аймагы. Бийик өскөн карагайлар,залкар көк балатылар жана гүлзарлар пансионаттын көркүн чыгарып турат. Көпчүлүк беседкалар жана олтургучтар сизди карагай руху менен көлдүн шамалына толгон жыпар жыттуу аба менен дем алууга чакырат. Ошондуктан, пансионат үй-бүлөлүк тынч эс алууга жана балалуу үй-бүлөлөр үчүн өтө ыңгайлуу.

Пансионатта сауна, массаж бөлмөсү, улуттук ашканасы бар. Жайкы кафе, чайкана, спорт аянтчасы, бильярд жана WI-FI бар. Пляжы абдан жакшы, таза деп эсептелет. “Кеме” аянтчасы менен жабдылган – бассейин бар. Балдар үчүн суу тайгалагы жана жээкте прис, кол чатыр, алкоголсуз суусундуктар бар. Пансионатта күнүнө үч маал ысык тамак берилет. Ашкана абдан таза жана кенен, келген эс алуучуларга жакшы кам көрүлөт.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова