Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын ичиненен ТОП 5 кирди

Ош мамлекеттик университети Webometrics рейтингинде Кыргызстандагы эң мыкты ТОП 5 окуу жайлардын катарына кирди. Университеттин сайты жарыяланган дүйнөдөгү ЖОЖдордун Webometrics рейтингинде Кыргызстандын университеттеринин алдыңы бештигинен орун алды. Webometrics Ranking of World Universities-веб-контенттин көлөмүн (баракчалардын жана файлдардын санын) жана басылмалардын ачык-айкын таасирин эске алган дүйнөлүк университеттик рейтинг системасы.

Аталган рейтинг Испаниядагы Cybermetrics Lab тарабынан 2004-жылдан бери жылына эки ирет жарыяланып, дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун мамлекеттен 31 000 жогорку окуу жайлары бааланат.

Рейтингдин максаты - академиялардын жана илимий-изилдөө институттарынын интернеттеги катышуусун кеңейтүү жана илимий иш-аракеттердин натыйжаларын ачык жарыялоого көмөктөшүү болуп эсептелет.

 

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУ