Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМПУнун окутуучулары өз билимдерин өркүндөтүүдө

Г.Дүйшебаева: Ар бир доордун талабына жараша мугалим да өнүгүп туруусу абзел.

Мугалим - доордун күзгүсү. Андыктан агартуу тармагынын кызматкерлери ар дайым изденүү, жаңылануу жана өнүгүү жолунда тынымсыз кадамдай бериши зарыл. Ошондуктан Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары өздөрүнүн билимин өркүндөтүү, кеңейтүүнүн үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барышат.

Ага мисал ишемби күнү окуу жайда “Улуттук квалификациялар алкагында окуу программалары жана билим берүүнүн стандарттарындагы жаңы мамилелер, ыкмалар” аталышында тренинг өткөрүлүп ага 40дан ашык окутуучу катышышты.

Аталган тренингди Кесиптик билим берүү багытындагы эксперттер Гулзада Дүйшебаева жана Рахат Бекбоевалар өтүп беришти.

Семинар улуттук квалификациянын системасын түзүү, аны жолго коюу концепциялары талкууланды. Катышуучулар улуттук квалификациянын системасын өнүктүрүүдө улуттук баалуулуктарды эске алуу менен эл аралык тажрыйбанын негизинде бир топ усулдар, компететенциялардын матрицасы, Блум таксономиясынын компетенциясын жазуунун үстүндө маалыматтарды алып, ар кандай практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында ар бир окутуучуга уюштуруу тобу тарабынан сертификаттар ыйгарылды.

Белгилей кетсек бул иш-чара ОшМПУнун Окуу бөлүмүнүн башчысы Эмил Абдибалиев жана Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмүнүн жетекчиси Жыпаргүл Шербаеванын демилгеси менен уюштурулду.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы