Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ОшМПУда балдарды коргоо күнү белгиленди

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата атайын оюн-зоок программасы уюштурулду.

Ага университеттин окутуучуларынын жана жалпы кызматкерлеринин балдары катышып, өзгөчө маанайдагы программага күбө болушту.

Иш-чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып, алгач бул күндүн тарыхына кыскача токтолуп жана жашообуздун жандуу гүлдөрү болгон жаш бөбөктөрдү майрамы менен кызуу куттуктады.

Балдар алгач окуу жайдын аянтында сүрөт тартышып, белектерге ээ болуп, оюндарды ойноп жарыш курушту. Бул менен бирге чабарман аксакал жаныбарлар тобу менен жаш балдардын көңүлүн көтөрүп, алар менен бирге бийлешип, шаңдуу аураны жаратышты.

Соңунда бардык балдарга жана ата-энелерге балмуздак таратылып, майрамдык программа жогорку маанайда жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек аталган саамалык окуу жайдын жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулду.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы