Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ош мамлекеттик университетинин профсоюздук жыйыны

Ош мамлекеттик университетинде жалпы профсоюз комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул жылы профсоюз уюму тарабынан кандай иш-чаралар жасалды жана азыркы учурда жасалып жаткан иштери боюнча кенен маалымат берилди. ОшМУнун факультеттеринин, колледждеринин, лицейлеринин профбюролордогу иш кагаздары боюнча маалыматты ОшМУнун профсоюз комитетинин уюштуруу иштери боюнча башкы адис Маликов Алтынбек агай алдыда кандай иштерди жасоо жөнүндө түшүндүрүп, ар бир профбюронун иш планын текшерип чыгууну сунуштады жана өзүнүн буга чейинки жасаган иш кагаздарын көрсөттү.

ОшМУда коррупциянын алдын алуу, болтурбоо жана ага каршы күрөшүү боюнча студенттик Акыйкатчы Абдурахманов Адилет 2020-жылы жасалган жана алдыда аткалыруучу  иштерин айтты. Студенттерге көмөк көрсөтүү боюнча ой-пикирин билдирди. Андан сырткары ар түрдүү маселелер талкууланып, келген катышуучулар ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун профкомунун башкы адиси Айжан Айтыкулова