Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Өнөктөштөргө сыйлыктар тапшырылды

Бүгүн, 2023-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында төрага Максат Мамасыдыков билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын жана тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгисин жана Борбордук комитеттин төрагасынын “Эстелик кол саатын” салтанаттуу тапшырды.

Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Н.Орозбаев, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев,  депутаттар  жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө төрага Максат Мамасыдыков Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагында эмгектенип жаткан кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык, укуктук таламдарын коргоо иштерине жана тармакты өнүктүрүүгө кошкон  олуттуу салымдары үчүн төмөнкү социалдык өнөктөштөргө сыйлык тапшырды.

“Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси:

1.Жалал-Абад шаарынын мэри – Ормоков Эрнисбек Абдижалиловичке;

2.Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы – Орозбаев Нуртилек Орозбаевичке;

3.КРнын Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары – Жакыпов Заирбек Сайдибраимовичке;

4.“Ариет” БЧБнын директору – Аманкулова Жыпар Талиповнага.

“КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын Эстелик кол сааты”:

1.Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы – Калчаев Ырысбек Өмүрзаковичке;

2.Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасынын орун басары – Акунов Кеңешбек Жасыновичке.

Сыйлык алган социалдык өнөктөштөр кесиптик бирликтин ишине ийгиликтерди каалап, КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловго жана Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Масыдыковго ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети